Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 18.12.2018 13:21 На русском

Мурунку министр Ж.Калилов УКМКга чакырылды

Turmush -  Мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов УКМКга күбө катары сурак берүү үчүн чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрдагы координациялык кеңеште УКМКнын Коррупция менен күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаилов билдирди.

Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Ногойбаев дайындалган. Tazabek министрликке шилтеме берип малымдагандай, мындай чечим кечээ, 17-декабрда кабыл алынды.

Ж.Ногойбаев 2018-жылдын 14-февралында премьер-министрдин буйругу менен транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми мурунку министр Жамшитбек Калилов ээлеген кызматынан өзүнүн арызынын негизинде 15-декабрда бошотулган болчу. Кийинчерээк ал өзүнүн билдирүүсүн тараткан.

Мындай өзгөрүүлөр жана УКМКдагы сурак транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж. 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлүп, камакка алынганы менен байланыштуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×