Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баракелде, Бишкек 18.12.2018 09:05 На русском

Транспорт жана жол министринин милдетин Жеңиш Ногойбаев аткарат

Turmush -  Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Ногойбаев дайындалды. Tazabek министрликке шилтеме берип малымдагандай, мындай чечим кечээ, 17-декабрда кабыл алынган.

Ж.Ногойбаев 2018-жылдын 14-февралында премьер-министрдин буйругу менен транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми мурунку министр Жамшитбек Калилов ээлеген кызматынан өзүнүн арызынын негизинде 15-декабрда бошотулган болчу. Кийинчерээк ал өзүнүн билдирүүсүн тараткан.

Мындай өзгөрүүлөр транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж. 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлүп, камакка алынганы менен байланыштуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×