Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 17.12.2018 19:23

Бишкектик аял көчөдөн таап алган баңгизатты ич кийимине жашырып кеткен

Turmush -  Бишкектеги Свердлов райондук соту Елизавета (ысымы өзгөртүлдү) аттуу аялга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу 2018-жылы 23-мартта саат 21:10 чамасында Бишкектин Ж.Абдрахманов көчөсүндө Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны текшерүү учурунда үстүнкү ич кийиминен (бюстгальтер) полиэтилен баштыкка салынган жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар зат алынган болчу. Аны экспертизадан өткөргөндө 3,581 грамм салмактагы гашиш экени белгилүү болгон.

Ал эми сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирген. Өзүнүн айтымында, 22-мартта Алмата менен А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен таап алган затты ич кийимине жашырып алып кеткен. Ошол эле күнү талаадан ал затты чегип көргөн. Ал эми кийинки күнү укук оргоо органдары тарабынан кармалганын айтты.

Отурумдун аягында судья Елизаветаны күнөөлүү деп таап, 20 миң сом айып салды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×