Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 17.12.2018 15:51

Ишкердин Ысык-Көлдөгү пансионатын саткан кримавторитеттин тууганы кармалды (фото)

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын УККБнын кызматкерлери тарабынан ири көлөмдөгү зыянга учураткан алдамчылык фактысы боюнча шектелген жаран кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, УКМК тарабынан берилген материал боюнча ИИМдин Тергөө кызматы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынын 1973-жылы туулган С.М. аттуу тургунуна карата кылмыш ишин козгогон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча 2018-жылы күзүндө укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн. Өз арызында ал алдоо, коркутуу жолу менен анын ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, 350 миң АКШ доллар турган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 6280,0 чарчы метрлик кыймылсыз мүлкүн (пансионат) ээлеп алган С.М. аттуу жаранга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Текшерүү жүргүзүүдө белгилүү болгондой, мурда жабырлануучу менен С.М. аттуу жарандын ортосунда бизнести чогуу иштетүүгө байланышкан макулдашуу түзүлгөнү аныкталган. 2010-жылы жазында арыздануучу С.М.ден бизнести жүгүртүү үчүн 60 миң доллардан ашык каражатка бааланган бир нече унаа менен акча алган.

Эки жылдан кийин С.М. акча каражатын талап кыла баштагандыгына байланыштуу ишкер күрөөгө коюлган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан пансионатынын башкы күбөлүгүн берген.

Аныкталгандай, С.М. аттуу жаран жеке пайда табуу кызыкчылыгын көздөп, жогорудагы кыймылсыз мүлктү жакын тууганына каттатып койгон. 2016-жылы ишкер өзүнүн карызын жабуу максатында баасы 125 миң АКШ доллары турган жалпы аянты 168,0 чарчы метрди түзгөн батирин ага берген. Бирок шектүү ишкерди адаштырып, алдамчылык иш-аракетин жасап, ири көлөмдөгү зыянга дуушар кылган. Карызын алган соң, батирди башкага сатып, ал эми 2018-жылы ишкердин макулдугу жок кыймылсыз мүлктү (Ысык-Көл облусундагы пансионатты) үчүнчү жакка сатып жиберген. Ал муну менен ишкерди 350 миң долларлык зыянга учураткан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (УККБ) кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралардын негизинде алдамчылыкка шектелген жаран кармалган. Кармоо учурунда шектүү баасы 100 миң АКШ доллар турган 2018-жылкы «Лексус LX 570» үлгүсүндөгү унаада болгон.

Криминалдык милиция кызматынын УККБнын маалыматы боюнча 1973-жылы туулган С.М. аттуу жаран мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси менен соттолгон жана криминалдык чөйрөдө «положенец» макамы менен таанымал болуп, өзгөчө оор кылмыш иши үчүн 30 жылга эркинен ажыратылган криминалдык авторитеттин жакын тууганы экендиги аныкталган.

Учурда ИИМдин Криминалдык милиция кызматы УКМК менен биргеликте кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×