Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баракелде, Бишкек 15.12.2018 16:09 На русском

Жамшитбек Калилов транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду

Turmush -  Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин белгилүү болгондой, Ж.Калилов өз каалоосу менен отставкага кеткен. Кийинчерээк ал өзүнүн билдирүүсүн тараткан болчу.

Буга чейин маалым болгондой, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 5-декабрда
буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында министрдин орун басарын кармашкан.
Ведомствонун маалыматы боюнча, транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж. 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, чоң суммадагы акча жол куруу жана реабилитациялоо иштерине байланыштуу тендерди оң жакка чечип берүү кызматы үчүн талап кылынган. Ал эми шектүү чиновник тендердик комиссиянын төрагасы жана чет элдик компаниянын коргоочусу болгон. Жалпы бул кызмат үчүн 520 миң доллар талап кылынып, чиновник А.Ж. анын ичинен алгач 120 миң долларды буга чейин чет элдик компаниянын өкүлүнөн тууганы болуп эсептелген ортомчу аркылуу алган. Ал эми калган сумманы кийинки жумада алууну пландаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×