Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баракелде, Бишкек 15.12.2018 14:40 На русском

«Орун басарым кармалып калат деп ойлогон эмесмин»: Транспорт жана жолдор министри Ж.Калилов отставкага кетти (видео)

Turmush -  Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов отставкага кетти. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министринин отставкасы туралуу президентке сунушун берди.

Буга чейин маалым болгондой, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 5-декабрда буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында министрдин орун басарын кармашкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж. 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, чоң суммадагы акча жол куруу жана реабилитациялоо иштерине байланыштуу тендерди оң жакка чечип берүү кызматы үчүн талап кылынган. Ал эми шектүү чиновник тендердик комиссиянын төрагасы жана чет элдик компаниянын коргоочусу болгон. Жалпы бул кызмат үчүн 520 миң доллар талап кылынып, чиновник А.Ж. анын ичинен алгач 120 миң долларды буга чейин чет элдик компаниянын өкүлүнөн тууганы болуп эсептелген ортомчу аркылуу алган. Ал эми калган сумманы кийинки жумада алууну пландаган болчу.

--------------------------------------------------------------------

Жамшитбек Калилов отставкасы тууралуу: «Ушундай нерсенин болуп кетээрин, ага карата алдын ала чараларды көрбөгөндүгүмө байланыштуу, бир адамдын кылган мыйзамсыз иши жалпы транспорт министрлигиндеги ак, өз эмгеги менен чын дилинен иштеп келген адамдардын бардыгына көө сыйпалып калгандыгына байланыштуу өзүмдүн коллективимден кечирим сурайм. Себеп дегенде ушундай болушу керек эмес эле, себеп дегенде биз акыркы жылдары министрликте көп-көп реформалоо боюнча, коррупциялык схеманы азайтуу, ошол жердеги адамдык факторлорду жоюу боюнча жумуштарды аткарып келгенбиз. Ал улана бермекчи, коллектив бар, жумуш алдыга жылат деген чоң үмүтүм бар.

Урматтуу мекендештер, мен айтып коеюн, Транспорт жана жолдор министрлигинин алкагындагы менин орун басарымдын мыйзамсыз жумуштарынын алкагында бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. Ушул тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда менин жана өкмөт башчынын дарегине ар кандай негизсиз чуулгандуу күнөөлөр тагылгандыгына байланыштуу, бүгүн мен өзүм чечтим, тергөө амалдарына байланыштуу мен өз каалоом менен арыз жазып бердим. Чындыгында моралдык укугум жок деп эсептейм. Менин дагы айтарым, менин берген маалыматтарымдын алкагында иш амалдары жүрүп жаткан. Бирок, мен ошол жерде менин орун басарым Жусубалиев кармалып калат деп эч качан ойлогон эмесмин. Ошол жердеги жумушта Жусубалиевдин кармалгандыгына байланыштуу мен бүгүн чындыгында министр болуп иштөөгө менин моралдык укугум деп чечтим да, арызымды өз колум менен жаздым. Келечек тууралуу мен чындыгында 1984-жылдан бери министрликте эмгектенип келдим, ар кандай тармактарда. Мен ойлойм, кызматсыз, же жумушсуз калбайм деп, себеп дегенде менде профессионалдык деңгээлдеги белгилүү иш билгилик мүмкүнчүлүктөрүм бар. Жол тармагында, консультативдик, экспертизалык тармакта, мен ойлойм, дагы деле кыргыз элине кызмат кылууга ар дайым даярмын», - деди

Жамшитбек Калиловдун пикири өзгөртүүсүз берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×