Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 14.12.2018 11:31 На русском

Бишкек ШИИБде кылмышка шектелген милиционер иштеп келген

Turmush -  Бишкек ШИИБдин пара алууга катышкан деп шектелип жаткан кызматкери ички иштер органдарынын катарынан чыгарылды. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдирди.

Жакында социалдык тармактарда Бишкек ШИИБдин кызматкери Э.К. мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айыбы угузулганы менен азыркы учурга чейин милиция кызматкери болуп иштеп келгени тууралуу айтылган. Ал эми министрликтин маалыматы боюнча, бул кылмыш иш УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенген. Бирок ИИМге Э.К. кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканы тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Э.К. ички иштер органдарынан чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×