Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 14.12.2018 09:34 На русском

Кыргызстандык хоккейчилер Азия чакыруу кубогунда күмүш тагынышты (сүрөт)

Turmush -  Малайзия мамлекетинде хоккей боюнча 20 жашка чейинки балдар арасында өткөн Азия чакыруу кубогуна Кыргызстандын курама командасы катышып, байгелүү орун менен кайтышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын вице–президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке 8 өлкөнүн курама командалары катышып, эки дивизионго жогорку жана кенже болуп, өз ара беттешүү өткөрүштү. Кыргызстандык хоккейчилер жогорку дивизиондо Малайзия, Сауд Арабия, Филиппин өлкөлөрүнүн хоккейчилери менен оюн өткөрүштү. Алар филиппиндиктерди 13:2, Сауд Арабиясын 12:3 эсебинде утушуп, малайзиялыктарга 2:4 эсебинде утулуп калышты.

Мелдештин жыйынтыгында 2-орунду камсыз кылышып, күмүш медалга ээ болушту. Командага уюштуруучулар тарабынан Азия чакыруу кубогунун экинчи даражадагы диплому салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×