Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 13.12.2018 19:08

Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы менен жеңесин өлтүрүү үчүн 10 миң доллар сунушталган. Жалданган адам камакта

Turmush -  Эмгек сиңирген артист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Нуркан Турсунбаев менен анын жубайы — Жыпаркүл Турсунбаеваны өлтүрүүгө буйрук берүү фактысы боюнча шектелген адам камакка алынды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, буга чейин бул окуяга байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренеси (адам өлтүрүүгө даярдануу) жана 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) менен козголгон кылмыш иш иликтенип жаткан.

12-декабрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында жубайларды өлтүрүүгө буйрутма берүү туралуу маселе көтөрүлгөн болчу.

ИИМдин расмий маалыматында: «Нурканбек Турсунбаевдин сабалышы боюнча 2018-жылдын ноябрь айында Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан А.Б. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми жазында документтерди жасоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Адам өлтүрүүгө буйрутма берүү фактысы боюнча ИИМдин Тергөө кызматы 2018-жылдын октябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренесинин (адам өлтүрүүгө даярдануу) негизинде кылмыш ишин козгогон. Ички иштер органдары тарабынан алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган А.А. аттуу жаран негизги күбө болуп суралган. Анын көрсөтмөсү боюнча ага эки жаран кайрылып, эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө 10 миң доллар сунуштаган. Ошондой эле алгачкы акысы катары 1 миң доллар беришкен.

А.А. аттуу жаран башында тергөөчүлөр менен кызматташып, кийинчерээк изин жашырып кеткен. Ал 2018-жылдын ноябрь айында издөөгө алынган болчу. Анын кайда жүргөнү аныкталып, тиешелүү чаралардын негизинде кармалды. 2018-жылдын 12-декабрында А.А. аттуу жаранга Биринчи май райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды», - деп айтылат.

Учурда бардык кылмыш иштер боюнча ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.

Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы Нурканбек Турсунбаев 1940-жылы Жумгал районундагы Чаек айылында жарыкка келген.

Нуркан Турсунбаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×