Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 13.12.2018 13:46 На русском

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага жеткирилди

Turmush -  Өмүрбек Текебаев №47 түзөтүү абагынан Улуттук кардиология борборуна которулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлердин эртең мененки жыйынында Ө.Текебаевдин дарты аритмия, стенокардия жана жогорку гипертония экени айтылып, аны ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынды.

----------------------------------------------------------------------------

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев 31-июлда Улуттук кардиологиялык борборго жаткырылган болчу. Маалыматка караганда, аны дарыгерлердин өтүнүчү менен ооруканага жаткырышкан, ошондой эле депутаттык комиссия дагы кайрылган.

Ал 2018-жылдын 14-сентябрында кайрадан №47 түзөтүү абагына жеткирилген. ЖАМКтын басма сөз кызматы билдиргендей, анын дарылануу курсу аяктагандыктан ушундай чечим кабыл алынган.

----------------------------------------------------------------------------

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу. Облустук сот, кийин Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×