Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 12.12.2018 16:58 На русском

Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин токтотуу чечими жокко чыгарылды

Turmush -  Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш ишке байланыштуу текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен Башкы прокуратура кылмыш ишти токтотуу жөнүндөгү токтомду жокко чыгарды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 12-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иш иликтөө иштерин уюштуруу үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.

-----------------------------------------------------------------

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш ишти токтоткону ушул жылдын жайында маалым болгон. Мындай чечим 2018-жылдын 18-июнунда чыккан болчу. Кылмыш ишти токтотуу боюнча өтүнүчтү жактоочу Икрамидин Айткулов келтирген.

М.Конгантиев Кылмыш-жаза кодексиндеги 305-берененин 2-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттары (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 316-берененин 1-бөлүгүнүн (шалаакылык) негизинде айыпталган. 2012-жылдын февраль айында башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште М.Конгантиевге карата кайра кылмыш иши козголгонун билдирген болчу. Буга чейин кылмыш иш анын ден соолугуна байланыштуу токтотулган.

М.Конгантиевге кылмыш иш 2010-жылы 7-апрелден кийин козголгон эле.

Постановление суда по Конгантиеву

Кылмыш ишти токтотуу тууралуу токтомдо М.Конгантиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги укук коргоо органдары тарабынан жарандарга ок атуу иштерине катыштыгы жок деп айтылган. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Ы.Токтосунов кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишти токтотуу тууралуу токтом кылган.

-----------------------------------------------------------------

Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага мурунку министр Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган болчу. Бул тууралуу мамлекет башчысы 12-июлда Талас шаарында Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда суроолорго жооп берип жатып билдирген.

«Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», - деп белгилеген президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×