Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 12.12.2018 13:22 Жаңыланды: 12.12.2018 23:03 На русском

Онлайн-интим: 20 жаштагы Бермет менен Аскар студия ачып, анда өспүрүм кыз иштеген

Turmush -  Бишкектин Октябрь райондук соту 20 жаштагы Аскар (ысымы өзгөртүлдү) менен Берметке (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

онлайн-интим

Шектүүлөргө тагылган айып

Алар Бишкектин кичи районунда жайгашкан батирде студия уюштуруп, аны керектүү эмеректер, компьютер, веб-камералуу монитор, колонка менен жабдып, андан кийин жаш кыздарды жумушка чогултушкан. Веб-модель болуп иштеген кыздар чет элдик жарандар менен интернет аркылуу байланышып, онлайн түрдө интимдик кызмат көрсөтүп келишкен. Ал эми кыздар тууралуу маалыматтар, алардын сүрөттөрү акы төлөнүүчү интернет-сайттарга жайгаштырылып турган.

Айыпталуучу Аскардын көрсөтмөсү

Таанышы Бермет интернет аркылуу интим кызмат көрсөтүүчү студия ачууну сунуштап, программаларды орнотууга жардам сураган. Андан кийин Бермет иштеп баштап, өзүнүн дос кызын чакырган. Андан кийин да башка кыздар келип, алардын бири — 18 жаштагы Альбина менен маектешүү өткөргөнүн Аскар мойнуна алган. Бирок эч кимди мажбурлоо болбогонун айтты.

Берметтин көрсөтмөсү

Акча каражатын табуу максатында сентябрь айында веб-студия ачкан. Бул жумуш тууралуу жакшы каражат тапкан тааныш кызынан уккан. Алгач өзү иштеп жүрүп, кийинчерээк 18 жашта экенин айткан Альбина кошулган. Ал документи күрөөканада экенин айтып, көрсөткөн эмес. Кийинчерээк паспортунун сүрөтүн WhatsApp аркылуу жөнөткөн.

Ал эми Аскар компьютерге программаларды орнотууга жардам көрсөтүп, финансылык колдоо үчүн 500 доллар бергенин айтты.

Күбө Искендин (ысымы өзгөртүлдү) көрсөтмөсү

Альбина анын аталаш карындашы болот. 2018-жылдын сентябрь айында сайттан өспүрүм курактагы карындашы Альбинанын катышуусундагы порнографиялык видеотасманы көрүп, бул тууралуу Октябрь РИИБге билдирген. Ал эми карындашы жашын жашыргандыктан айыпталуучуларды жазага тартпоону өтүнгөн.

Альбина эмне дейт?

Бул жумуш тууралуу социалдык тармактардан билип, маектешүүгө барган. Ал эми Бермет менен Аскарга жаш курагын жашырып койгон. Программа аркылуу өзүнүн туулган жылын бир жылга чоңойтуп, тактап айтканда 2000-жыл деп жазып, паспортунун сүрөтүн WhatsApp аркылуу Берметке көрсөткөн.

Сот отурумунун жыйынтыгында Аскар менен Бермет күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 30 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×