Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баракелде, Дүйнө 11.12.2018 22:43

Түштүк Кореядагы мелдеште кыргызстандык мушкерлер 3 медаль утушту (сүрөт)

Turmush -  Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан бокс боюнча мелдеште кыргызстандык спортчулар 3 медалга ээ болушту. Бул тууралуу машыктыруучу Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Кыргызстандын атынан 6 спортчу барган.

«Инчхон шаарында өтүп жаткан бокс боюнча мелдешке 6 мушкерди алып келдим. Алардын ичинен 57 кг салмактагылар арасында Алманбек Алибеков 1-орунду, 60 кг салмактагылар арасында Умар Кубанычбек уулу 2-орунду, ал эми 69 кг салмак даража боюнча Нурадин Рустамбек уулу 2-орунду багындырды», - деди Атазов.

Мелдешке Түштүк Кореянын, Россиянын, Кыргызстандын жана Кытайдын спортчулары катышты. Ошондой эле аталган мамлекеттердин арасында эл аралык 15 күндүк тажрыйба жыйноо лагери өтүүдө. Тажрыйба жыйноо лагерлери Түштүк Кореянын 3 шаарында орун алган. Бул арада спортчуларга физикалык, психологиялык жана техникалык даярдыктар көрсөтүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×