Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Дүйнө 11.12.2018 10:08

Россияда жүк ташыган 2 унаа кагышып, кыргызстандык жигит каза болду (сүрөт)

Turmush -  Россиянын Находка шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы кыргызстандык жигит каза болду. Бул тууралуу Россиянын Уссурийск шаарындагы диаспоранын жетекчиси Бакыт Садиров билдирди.

Анын айтымында, жол кырсык кечээ, 10-декабрь күнү саат 7:20 чамасында катталган. Кыргызстандык М.Ж. жүк ташыган унаасы менен жол жээгинде токтоп турган экинчи чоң жүк ташуучу унааны сүзүп, анын кесепетинен ошол жерде көз жумган. М.Ж. Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну болгон.

«Ал Россиянын Уссурийск шаарында жашап жаткан. 8 жылдан бери базарда баллон сатып иштеп келген. 27 жаштагы маркум 1 кыздын атасы болчу. Учурда анын сөөгүн Находка шаарынан Уссирийскке алып келип, мекенине узатууга даярдык көрүлүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×