Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 10.12.2018 10:15 Жаңыланды: 10.12.2018 14:47 На русском

Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүн тинтүү учурундагы видео

Turmush -  Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди кечээ, 9-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган болчу. Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы анын кармалышына байланыштуу расмий маалымат таратты.

Кылмыш иш 7-декабрда Башкы прокуратура тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 308-берененин 2-бөлүмүндөгү 2-пункт (жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдын мыйзамсыз баюусу) тарабынан козголгон.

УКМКнын расмий билдирүүсүндө: «Д.Зилалиев 2011-2017-жылдары мамлекеттик түзүмдөрдө жоопкерчиликтүү жана жетекчилик кызматтарда, анын ичинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы, Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору болуп эмгектенген. Ал 2011-2016-жылдары декларациясында көрсөткөн кирешеси 2 млн 541 миң 527 сомду түзгөн. Ал эми ушул убакытта жубайынын кирешеси 408 миң сом болгон. Бирок иликтөө иштери менен Д.Зилалиев расмий көрсөткөн кирешесинен тышкары ири суммадагы активдери бар экени белгилүү болду.

Ал мамлекеттик кызматта жүрүп, декларацияда көрсөтүлбөгөн 889 миң 900 долларын коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрь айына чейин сактап келген. Мындан тышкары декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөр (батир, жер тилке, үй) фактыны жашыруу максатында туугандарынын атына жана башка адамдарга катталган.

Д.Зилалиев 2017-жылдын 17-апрелинде туугандарынын бирине Бишкектин борборунда жайгашкан 2 кеңсени каттаткан. Алардын баасы 34 млн жана 19 млн сомду түзөт. Андан тышкары Мамлекеттик геология агенттигинин директору болуп турганда жумушсуз тууганына кен иштетүү үчүн бир катар лицензияларды каттаткан», - деп айтылат.

Д.Зилалиев 7-декабрда УКМнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүмүнүн (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) негизинде камакка алынган Дүйшөнбек Зилалиев шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылган болчу. Мындай чечимди 2018-жылдын 18-октябрында Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов чыгарган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×