Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баракелде, Дүйнө 10.12.2018 08:11

UFC: Кыргызстандыктардан алгачкы чемпион — Валентина Шевченко (видео, сүрөт)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 9-декабрда телефон аркылуу Валентина Шевченкону Канаданын Торонто шаарында өткөн абсолюттук мушташ чемпионатында жеңишке жетишиши менен куттуктады.

«Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Сиз мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондукту жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Сизге мелдештерде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм. Ыңгайлуу учурда Мекениңизге келип кетүүгө чакырам», - деди мамлекет башчысы.

Валентина Шевченко кечээ, 9-декабрда Канадада өткөн UFC 231 мелдешинде польшалык Жоанна Енджейчикти жеңип, жеңил салмакта абсолюттук мушташ чемпионатында чемпион деген наамга жетишти. Жердешибиз 57 килограмм салмакта UFСтин чемпиондук наамы үчүн ат салышкан.

Мелдештен кийин Валентина жалпы күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга да салам жолдоду.

Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко дагы UFC уюмундагы алгачкы беттешин жеңиш менен аяктаган. Ал Американын Лас-Вегас шаарында 2018-жылдын 1-декабрында The Ultimate Fighter 28 Finale турниринин финалдык турунда атаандашын утту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×