Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 08.12.2018 11:57

Бишкектин тургунун тоногон 3 жигитти сот үй камагына чыгарды

Turmush -  Милиция кызматкерлери Бишкек шаарында тоноочулукка шектүү деп 3 жигитти кармады.

ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Октябрь РИИБге борбордун тургунунан арыз түшүп, анда ал 2-декабрда кичи райондордун биринен белгисиз адамдар күч колдонуу менен анын телефонун, колундагы саатын жана 7 миң сом өлчөмүндө акчасын тартып алганын айтып, аларга чара көрүнүү өтүнгөн. Жабырлануучу жалпы 16 миң сомдук материалдык зыян тарткан.

«Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө тоноого шектүү делип 1992-жылы туулган Т.А., А.у.А. жана З.Д., кармалышкан. Аталган факт боюнча Октябрь РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Айыпталуучу жигиттер соттун чечими менен үй камагына чыгарылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×