Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баракелде, Дүйнө 07.12.2018 17:57 На русском

Владимир Путин 5 өлкөнүн башчыларына өзгөчө белек берди

Turmush -  Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчыларына Эл аралык космос станциясынан келген панно белек кылды. Панного кеңешке кирген өлкөлөрдүн желектери жайгаштырылган.

Интерфакс басылмасынын маалыматы боюнча, В.Путин бул Россия төрагалык кылган жыйындан эстелик белек экенин айтып, Эл аралык космос станциясына «Прогресс» кемесинин бортунда жеткирилгенин белгиледи.

«Тарыхта биринчи жолу 5 улуттук желек бирге жер орбитасына бир жылга созулган уникалдуу саякатка чыкты», - деди Путин.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму 6-декабрь күнү Санкт-Петербург шаарында өтүп, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×