Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 07.12.2018 13:20 На русском

«Атамбаевсиз КСДП» маалымат жыйынында чыр чыкты (видео)

Turmush -  «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлдөрү Сагынбек Абдрахманов, Данияр Тербишалиев, Нурбүбү Кененбаева бүгүн, 7-декабрда аткарылган иштери жана алдыга койгон пландары боюнча маалымат жыйын уюштурушту.

С.Абдрахмановдун айтымында, аталган кыймыл Сокулук, Жайыл, Москва, Чүй райондорунда, Кара-Балта, Токмок, Каракол, Талас, Нарын шаарларында жыйындарды өткөргөн. Жалал-Абад, Ош, Баткенде да жыйындарды уюштуруу үчүн комитеттер түзүлдү.

Аталган жыйындарда райондук комитеттердин жетекчилери алмаштырылды.

«Биз партиянын кезексиз съездин жаңы жылга чейин өткөрүүнү пландаганбыз. Бирок Бишкектеги уюштуруу маселелеринен улам мөөнөт бир аз жылдырылды», - деди ал.

Бул маалымат жыйынга КСДПнын мүчөлөрү да келген. Алар өз пикирлерин айтып, алар менен айтышууга өттү. 5 мүнөттөн кийин аларды сакчылар токтотушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×