Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 07.12.2018 08:58

Министрдин орун басары 170 миң доллар пара менен кармалган учурдагы видео

Turmush -  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 5-декабрда буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында министрдин орун басарын кармашты. Ведомствонун маалыматы боюнча, транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж. 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чоң суммадагы акча жол куруу жана реабилитациялоо иштерине байланыштуу тендерди оң жакка чечип берүү кызматы үчүн талап кылынган. Ал эми шектүү чиновник тендердик комиссиянын төрагасы жана чет элдик компаниянын коргоочусу болгон.

Жалпы бул кызмат үчүн 520 миң доллар талап кылынып, чиновник А.Ж. анын ичинен алгач 120 миң долларды буга чейин чет элдик компаниянын өкүлүнөн тууганы болуп эсептелген ортомчу аркылуу алган. Ал эми калган сумманы кийинки жумада алууну пландаган болчу.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп Азимкан Жусубалиев эмгектенип жаткан.

Ал 2016-жылдын 28-апрелинде премьер-министрдин буйругу менен Өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 2017-жылдын февраль айынан тарта транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп эмгектенип баштаган.

Учурда шектүү УКМКнын абагына убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кийинчерээк транспорт министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалышы боюнча комментарий берген.

«Эртең менен окуп, шок абалда болдум. Мен кызматкерлерди чакырып, кандайча мындай болгонун сурадым. Эгерде ал ушундай чоң кызматта туруп, буга жол берсе, эгерде сот аны далилдесе, анда толугу менен жооп берсин», - деген министр (толугу менен бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×