Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 06.12.2018 12:07 На русском

Южно-Сахалинскте маршрутканын ичинде өз кумарын кандырган кыргызстандык жаран кармалды

Turmush -  25-ноябрда Россиянын Южно-Сахалинск шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустун ичинде өз кумарын кандырган кыргызстандык жаран 10 күнгө камалды. Бул тууралуу «Сахалин-Курилы» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал кичи автобустун ичинде мастурбация менен алектенген. 27-ноябрда полиция ага карата протокол түзүп, ишти сотко өткөрүп берген. Сотто ал күнөөсүн төгүндөгөн жок. Сот аны коомдук тартипти бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 10 күнгө каматты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×