Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 06.12.2018 10:53 На русском

Парламенттин депутаты студенттер менен чиновниктерди Бишкектин четине чыгарып салууну сунуштады

Turmush -  Жогорку Кеңеште Бишкектин четинде студенттик жана административдик шаарча негиздөө жөнүндөгү демилге кайрадан көтөрүлдү.

Парламенттин бүгүн, 6-декабрдагы отурумунда депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) бул демилге ишке ашса шаардагы тыгын маселесин чечүүгө жардам берерин белгиледи.

«Мен мурда да ушундай — Бишкектин четинде студенттик жана административдик шаарча негиздөө жөнүндө сунуш киргизгем. Бул шаардагы тыгындар көйгөйүн чечүүгө жардам бермек жана жарандардын ар кандай кызматтарды бир жерден алуусуна ыңгайлуу болмок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×