Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 05.12.2018 17:36

«Манас» аэропортуна жаңы жетекчи келди

Turmush -  «Эл аралык Манас аэропорту» ААКтын жаңы жетекчиси болуп Нурлан Акматов дайындалды. Мындай чечим бүгүн, 5-декабрда башкармалыктын директорлор кеңешинин отурумунда кабыл алынганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.

Акматов Нурлан Орозбаевич К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун экономика факультетин 1993-жылы аяктаган. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Ал 2011-жылдан бери «Газпром нефть Азия» ЖЧКнын башкы директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп эмгектенип жаткан.

Нурлан АКматов

-----------------------------------------------------------------------

«Эл аралык Манас аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев кечээ, 4-декабрда дайындалган болчу. Ал эми 3-декабрда «Манас эл аралык аэропорт» ААКтын башкармалыгынын жетекчиси Эмир Чукуев отставкага кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×