Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 04.12.2018 18:01 На русском

Видео: Америкада медициналык борбордун имаратын сүзгөн учак жарылып кетти

Turmush -  Интернетке учак жерге кулагандан кийин жарылып кеткен учурдагы видео тарады. Окуя 1-декабрь күнү Американын Флорида штатындагы Форт-Лодердейл шаарында болгон.

Видеодон учак аутизм менен жабыркаган балдар дарылануучу борбордун имаратын сүзүп, андан кийин жарылып кеткенин көрүүгө болот.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен борттогу эки адам каза болгон. Ал эми медициналык борбордогу адамдар башка аймакка чыгарылган. Өрт өчүрүүчүлөр имаратка жайылган өрттү өчүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×