Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 04.12.2018 15:50

Кыргызстандын Тажикстан менен Өзбекстандагы элчилери дайындалды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын эки өлкөдөгү элчисин дайындады. Тиешелүү жарлыктарга кол коюлганын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Рустенбеков Жаныш Султанкулович дайындалды.

Рустенбеков Жаныш Султанкулович

Ошондой эле башка жарлык менен Жунусов Ибрагим Кожоназарович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп эмгектенип келген.

Жунусов Ибрагим Коджоназарович

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×