Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 04.12.2018 14:10

Казакстандагы «Алгыр куштар» эл аралык мелдешинде Кыргызстан 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Казакстанда өткөн «Алгыр куштар» эл аралык мелдешинде Кыргызстандын кушчулары биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү Алмазбек Акунов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Алмата шаарында 30-ноябрдан 2-декабрга чейин өтүп, ага 9 өлкөнүн кушчулары катышты.

«Мелдеште Кыргызстандан барган кушчулар алдыңкы орундарды ээлешип, жыйынтыгында командалык эсеп боюнча биринчи орунду багындырышты. Исмаилов Аман бүркүт салуу боюнча алтын медаль алып, 500 миң теңге акчалай сыйлык утту. Ителги салуу боюнча Жумалиев Уран 4-орунга ээ болуп, акча менен сыйланды. Куш салуу боюнча Кубатов Абдрасул 4-оорунга татып, 15 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Жалпы командалык эсеп боюнча Кыргызстан 1-орунду ээледи», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×