Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 04.12.2018 13:15 На русском

Мурдагы министр Мурат Суталинов начар абалда деген маалымат пайда болду. Андан кабар алышат

Turmush -  Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдон кабар алат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында аталган борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

«Кечээ ал начар абалда экендиги жөнүндө маалымат пайда болду. Борбордун кызматкерлери бүгүн түштөн кийин андан кабар алууну пландап жатышат. Кабар алуу боюнча маалымат кийинчерээк берилет», - деди ал.

Архивдик сүрөт: Мурат Суталинов 7-апрель окуялары боюнча соттук процессте



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×