Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 04.12.2018 11:17

«Манас» аэропорту башкармалыгынын төрагасынын милдетин Мирлан Бегалиев аткарат

Turmush -  «Эл аралык Манас аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду маалымдады.

Кечээ, 3-декабрда «Манас эл аралык аэропорт» ААКтын башкармалыгынын жетекчиси Эмир Чукуев отставкага кеткен. Маалыматка караганда, аэропорттун директорлор кеңеши кечээ кезексиз жыйынга чогулуп, анын жыйынтыгында Эмир Чукуев өз каалоосу менен кызматынан бошотулган болчу.

Буга чейин жетекчинин милдетин аткаруучу болуп «Манас эл аралык аэропорт» ААКтын инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов дайындалганы маалымдалган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×