Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 04.12.2018 09:34 На русском

«Манас» аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев отставкага кетти

Turmush -  Кечээ, 3-декабрда «Манас эл аралык аэропорт» ААКтын башкармалыгынын жетекчиси Эмир Чукуев отставкага кетти. Бул тууралуу Tazabek басылмасына аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ аэропорттун директорлор кеңеши кезексиз жыйынга чогулушкан. Анын жыйынтыгында Эмир Чукуев өз каалоосу менен кызматынан бошотулду.

Жетекчинин милдетин аткаруучу болуп «Манас эл аралык аэропорт» ААКтын инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×