Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 04.12.2018 08:59 Жаңыланды: 04.12.2018 10:12 На русском

Бишкектеги «Ош» базарында кайрадан өрт чыкты. Кырсыктын кесепеттери (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрга караган түнү Бишкектеги «Ош» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу сатуучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги кийим саткан жерден чыккан. Жалпысынан соода кылуучу 15-20 жай күйдү. Кырсык болгон жерде милиционерлер иштеп жатат. Электр энергиясы жок. Кечээ, 3-декабрда базарда санитардык күн болгондуктан эч ким иштеген эмес. Кырсыктын келип чыгышынын себептери белгисиз.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, өрт жөнүндөгү маалымат 3-декабрда саат 23:38 чамасында түшкөн. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 00:52де чектөөгө алынып, саат 03:31де толук өчүрүлгөн. Кырсыктан улам кийим-кече сатылуучу контейнерлер (500 метр квадрат) күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, өрт өчүрүү штабы, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, «Суу канал» ишканасынан суу ташуучу унаасы, Батыш РЭТтен 1 бригада жана ИИМдин кызматкерлери тартылган.

Ушуну менен «Ош» базарда быйыл төртүнчү жолу өрт чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×