Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 04.12.2018 08:03

«Реал Мадриддин» оюнчусу Лука Модрич «Алтын топ» сыйлыгын алды

Turmush -  France Football басылмасынын быйылкы «Алтын топ» сыйлыгын «Реал Мадриддин» оюнчусу Лука Модрич алды.

Сыйлыкты тапшыруу аземи 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Франциянын Париж шаарында өттү. «Алтын топтун» ээсин тандоого 180 мамлекеттин 180 журналисти катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында хорватиялык жарым коргоочу мыкты деп табылды. Лука быйыл УЕФАнын версиясы боюнча да «Мыкты футболчу» наамын алып, Россияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта мыкты деп аталган. Модрич быйыл «Реал» менен Чемпиондор лигасын үчүнчү жолу катары менен уткан. Дүйнө чемпионатында финалга чейин жеткен.

Жылдын мыкты жаш футболчусу деп франциялык Килин Мбаппе табылды. Кыз-келиндер арасындагы футболчулардан «Алтын топту» «Лиондун» оюнчусу Ада Хегельберг алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×