Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 03.12.2018 17:45

Японияда 11 жылда өстүрүлгөн курманын 2 даанасы 4,8 миң долларга сатылган

Turmush -  Японияда таттуу сорттогу 2 даана курма сатыкка коюлду. Ушул эле сорттогу, тактап айтканда тэнкафубу түрүндөгү 2 даана курма 2017-жылы күзүндө 540 миң иенге (4,8 миң доллар) сатылган болчу. Ал эми алардын мындай суммага бааланышына өзгөчө таттуулугу себеп болгон.

«РИА Новости» басылмасына Бүткүл япониялык айыл чарба ассоциациясынын өкүлү Ито Ёсиюки: «Кадимки курманын курамында 15-16 градус кумшекер болсо, бул сортто 18ден ашат. Ал эми 4,8 миң долларга бааланган курмада 26 градус болчу. Ошондой эле алар жумшак жана япон алмуруттары сыяктуу», - деп билдирген.

Курманын тэнкафубу сортун өстүрүү үчүн жалпысынан 11 жыл убакыт сарпталган. Ал өткөн жылы гана сатыкка чыгып, алгач 320 миң иен (3 миң доллардын тегереги) болуп бааланган. Бул курманын 1 даанасы 300 грамм чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×