Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 03.12.2018 15:30

UFC: Кыргызстандык Антонина Шевченконун алгачкы жеңиши (видео, сүрөт)

Turmush -  Кыргызстандык Антонина Шевченко UFC уюмундагы алгачкы беттешин жеңиш менен аяктады. Американын Лас-Вегас шаарында 1-декабрда The Ultimate Fighter 28 Finale турниринин финалдык туру өткөн.

Бул уюмда кеңири таанымал Валентина Шевченконун бир тууган эжеси жеңил салмактагылар (57 кг чейин) арасында кореялык Жи Йон Ким менен беттешти. Финалга бир күн калганда кореялык спортчу атаандашынан 2,7 кг оор экени белгилүү болгон эле. Буга байланыштуу 30% гонорарын А.Шевченкого бере турган болгон.

Жеңишке жетишкенден кийин кыргызстандык спортчу бул салмакта UFC уюмунда жакын арада 1-орунду ээлөө каалоосу бар экенин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×