Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 03.12.2018 13:56

Президент ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоо үчүн 5 млн сом бөлдү

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата резервдик фондунан 5 млн сом бөлдү. Тиешелүү буйрукка кол коюлганын өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.

Мындай чечим социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн кабыл алынган. Бул суммадагы каражат Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигине 2,5 млн сомдон берилет.

Буга чейин өлкө башчы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдогон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×