Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 03.12.2018 13:11 На русском

Байпагынан баңгизат табылган электрик 20 миң сом айып төлөмөк болду

Turmush -  Бишкектин Свердлов райондук соту баңгизат менен кармалган электрик Калыбекке (аты өзгөртүлдү О.К.У.) карата 20 миң сом айып төлөө өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу соттун токтому аркылуу белгилүү болду.

Маалыматка караганда, ал 29-сентябрда саат 00:30 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан «Ормон хан» кафесинин жанынан кармалган. Аны текшерүү учурунда оң бутунун байпагынан 3,517 гр салмактагы баңгизат табылган. Айыпкер сотто күнөөсүн мойнуна алып, ишти жөнөкөй формада кароону суранган. Жыйынтыгында сот Калыбекти айыптуу деп таап, 20 миң сом айып пул төлөө чечимин чыгарды. Калыбек мурда да сот жообуна тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×