Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 02.12.2018 19:56 Жаңыланды: 03.12.2018 09:06

Бишкекте жаңы жылдык сынак башталды. Сыйлык 100 миң сомго чейин жетет

Turmush -  Бишкек шаарында 1-декабрдан тарта жаңы жылдык эң мыкты кооздолгон район, жаңы конуш, имараттар боюнча сынак башталды. Бул сынакты шаардык муниципалитет уюштуруп, 31-декабрга чейин уланат, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Номинациялар:

- Эң мыкты кооздолгон район. Бул номинацияга тѳрт сыйлык: 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 40 миң сом, эки 3-орунга 30 миң сомдон.

- Бишкек шаарынын эң мыкты кооздолгон жаңы конушу. Жергиликтүү аймактык башкармалыктары тарабынан 30 миң сомдук төрт сыйлык каралган. 1-этапта райондук администрациялар, 2-этапта сынактык комиссия тандайт.

- Мыкты кооздолгон короо. Жергиликтүү аймактык башкармалык тарабынан 20 миң сомдук төрт сыйлык берилет. 1-этапта райондук администрациялар, 2-этапта комиссия тандайт.

- Министрлик жана административдик ведомстволордун мыкты кооздолгон аймагы жана имараттарынын фасады. Бул номинацияга үч сыйлык каралган. 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 40 миң сом, 3-орунга 30 миң сом байге бар.

- Ири соода комплекстердин, борборлордун жана базарлардын мыкты кооздолгон аймагы, имараттарынын фасады. Бул номинацияга үч сыйлык: 1-орунга 100 миң сом, 2-орунга 70 миң сом, 3-орунга 50 миң сом каралган.

- Соода-сатык, кызмат көрсөтүүчү кеңселердин мыкты кооздолгон фасады. Биринчи орундун ээси — 70 миң, экинчи орундун ээси — 50 миң, үчүнчү орундун жеңүүчүсү — 30 миң сом менен сыйланат.

- 1-2 мүнөткө созулган жеке жана жамааттык видео куттуктоо жана «Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!» темасында селфилер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×