Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 01.12.2018 18:23

Хиджабчан кызды зордуктоого аракет кылууга шектүү таксисттин үстүнөн дагы 2 аял арызданды

Turmush -  Бишкекте жаш кызды зордуктоого аракет кылды деп айыпталып жаткан таксисттин үстүнөн дагы 2 аял арызданды. Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча, 1989-жылы туулган С.А. аталган таксист 26-ноябрда Б.Бейшеналиева көчөсүндө зордуктоого аракет кылганын айткан.

Ошондой эле 1978-жылы туулган Д.Ж. (аял киши) аталган таксист 2018-жылдын башында Бишкектин аймагынан зордуктоого аракет кылганын айтып арызданган. Ошол учурда ал табылбайт деген ой менен арыз жазган эмес. Акыркы окуядан кийин ал таксистти таанып, жазага тартуу өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылды.

Учурда шектүү таксистке карата тергөө иштери жүрүп жатат.

----------------------------------------------------

Бишкекте К.П. аттуу кыз «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада өзүн зордуктоого аракет кылган таксисттин үстүнөн арыз жазганын 28-ноябрда АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалым болгондой, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иш козголуп, шектүү таксист камакка алынган.

Ага чейин социалдык тармакта «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада хиджаб кийген кызды зордуктоо үчүн болгон аракет токтотулганы жөнүндө тасма тараган. Тасмада кыздын бети көрүнбөйт. Унаадагы адам аны тасмага тартпоону суранган.
АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден бул факты боюнча иликтөө башталгандыгын билдиришкен болчу. Кийин кылмышка шектелген айдоочу кармалып, ал 1969-жылы туулган Б.Ч. экени такталган.

«Социалдык тармактарда жаш кыз "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаадан чыгууга аракет кылганы, бирок аны таксист кармаганы тууралуу видео тараган. ШИИБдин кызматкерлери 27-ноябрь күнү аталган таксистти кармашты. Учурда ал териштирүү иштери үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», - деп айтылган ШИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×