Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 30.11.2018 16:23 Жаңыланды: 30.11.2018 20:16 На русском

Ич кийимине 30 миң доллар катып алып, Кыргызстанга келе жаткан аял кармалды

Turmush -  Өзбекстандын бажы кызматкерлери ич кийимине чоң суммада акча катып бара жаткан аял кишини (аял экени такталды) кармашты. Тактап айтканда, ал ылдыйкы ич кийимине 34 миң доллар акчаны батырган.

Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин билдирүүсү боюнча, «Фергана» постунан Кыргызстандын аймагына өтүүнүкаалаганн аялдын жүрүм-турумуна байланыштуу шек жаралган. Андан алгач оозеки көрсөтмө алышканда акча тууралуу айтылган эмес. Качан гана текшерүү учурунда ич кийимден чоң суммадагы акча чыккан.

Ал эми үстүңкү тышкы кийиминин чөнтөгүнөн 4 миң доллар, капчыгынан 510 түрк лирасы табылды. Учурда бул фактыга байланыштуу тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Иллюстрациялык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×