Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 30.11.2018 13:03

Сүрөт: Бишкекте тапанча, баңгизат менен жашаган 18 жаштагы жигиттер каракчылыкка шектелип кармалды

Turmush -  Бишкектеги Ленин РИИБдин криминалдык милиционерлери каракчылыкка шектүү жаш жигиттерди кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 30-ноябрда билдирди.

Буга чейин борбордун тургуну 27-ноябрда 4 адам тоноп кеткенин билдирген. Аны тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алуу менен 18 миң сом зыян келтиришкен. Бул факты Ленин РИИБде катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иш козголгон болчу.

Тергөөнүн жүрүшүндө көп узабай 2000-жылы туулган шектүүлөр — Б.Д., Ш.у.М., Н.у.Э. жана Т.Э. кармалды. Аларды шаардын четиндеги конуштардын биринен колго түшүрүү учурунда белгисиз үлгүдөгү тапанча, дубинкалар, бет каптар, ошондой эле кара куурай жыттанган зат алынган.

Учурда экспертизалар дайындалып, шектүүлөр камакка алынды. Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×