Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 30.11.2018 11:13

Быйыл Бишкек «Кышкы жомок» концепциясы менен кооздолуп, башкы балаты 25 метр болот

Turmush -  Бишкек шаарынын борбордук аянтында башкы балатыны орнотуу иштери улантылып жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, балаты темир каркастан жасалып, орнотуу иштерин «Бишкек свет» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдѳ.

Бул жылы балатынын узундугу 25 метр болсо, диаметри 12 метрди түзүп, каркаска 2 миң 400 ийне жалбырактуу бутак, 350 оюнчук, узундугу 4900 погондук метр дюралайттан жасалган оюу-чиймелер 240 метр светодиоддук гирлянда жана 240 метр мишура илинип кооздолот.

«Калааны жасалгалоо концепциясы "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыгып, "Кышкы жомок" деп аталды. Майрамдык композициянын борбору "Кар ханышасы" жомогу боюнча жасалган "Муз тактысы" деп аталган инсталляция болуп калмакчы. Ал фонтандын ордуна орнотулат. Инсталляцияны күйүп турган жаныбарлар — ак илбирс, аркар, бугу жана бүркүт курчап турат. Аянтта жайгашкан оргумалара күйүп турган 16 кристалл орнотулат», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Балаты

балаты

Балаты

Балаты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×