Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 29.11.2018 13:03 На русском

Баткендеги прокурордун өлтүрүлүшү: Арак заводдун кызматкери прокурорлор менен чогуу аңчылыкка барган

Turmush -  Баткендеги прокурордун өлтүрүлүшү боюнча ошол күнү прокурорлор менен чогуу аңчылыкка чыккан арак заводдун өкүлү боюнча да иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, интернетке жарыяланган маалыматтардын бардыгы такталып жатат.

«Алардын бардыгы суралды. Алардын катышуусу менен текшерүүлөр жүргүзүлдү. «Столичный вино-водочный завод» ЖЧКнын Баткен облусундагы өкүлү Базарбек уулу Эрнистин үстүнөн иликтөө жүрүп жатат. Ал суракка алынды. Ал прокурорлор бирге болгон (ошол күнү)», - деди ал.

«ЖМКда бул кылмышты Баткен облусунун прокурорунун орун басары Арслан Байбосунов уюштурган деген маалымат чыккан. Бул жоромол дыкат иликтенди. Бирок ал тастыкталган жок», - деди Башкы прокуратуранын ыкчам издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү көзөөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчиси Замир Бейшекеев.

Нурлан Утемисов ллтүрүлгөн прокурор Анарбай Мамажакыпов менен бирге аңчылыкка чыккандар төмөнкүлөр экендигин кошумчалады: Мамажыкыпов, Калыков, Байбосунов, Баткен облусунун прокурорунун орун басары Эмилбек Ажибеков, Баткен облусунун прокурорунун бөлүм башчылары Алтынбек Кожоназаров, Уланбек Эгембердиев Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков, «Столичный вино-водочный завод» ЖЧКнын Баткен облусундагы өкүлү Базарбек уулу Эрнис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×