Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 29.11.2018 11:47

Баткенде прокурор А.Мамажакыповдун өлтүрүлүшүнө катыштыгын текшерүү үчүн 6 прокурордун үстүнөн иликтөө жүрүп жатат

Turmush -  Баткенде өлтүрүлгөн прокурор Анарбай Мамажакыпов менен ошол күнү аңчылыкка чыккан башка прокурорлордун үстүнөн иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрдагы маалымат жыйында Башкы прокуратуранын ыкчам издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү көзөөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчиси Замир Бейшекеев билдирди.

Анын айтымында, башкы прокуратура ошол күнү өлтүрүлгөн прокурор менен чогуу аңчылыкка чыккан орун басарларына карата кызматтык иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында прокурордук иштин этикасын бузгандыгы, прокуратура кызматкери менен аңчылыкка чыгып, спирт ичимдиктерин ичкендиги, аңчылыктын эрежесин бузуу, ок атуучу куралды сактоо, ошондой эле М.Калыковду (кылмышка шектүү) мас абалында унаа башкаруусуна мүмкүндүк беришкендиги үчүн облустук прокурордун 2 орун басары, облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы, Баткен районунун прокурору жана анын орун басары кызматтарынан иликтөө учурунда убакытка бошотулду. Учурда алардын А.Мамажакыповдун өлүмүнө катыштыгын текшерүү үчүн иликтөө жүрүп жатат. Иликтөө башкы прокурор жеке көзөмөлүнө алды. Анын жыйытыгын менен аларга юридикалык баа берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×