Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 29.11.2018 10:53 На русском

ИИМ менен Башкы прокуратура: М.Калыков прокурор менен уруша кетип кокусунан атып өлтүрүп алган

Turmush -  Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыковдун тиешеси бар экендиги боюнча тана алгыс далил бар. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, тергөөдө бул фактылар такталды.

«Бүгүнкү күндө аны менен тергөө аракеттери, сурактар жүргүзүлдү. Кылмыш жасалган курал алынып, 5-6 экспертиза дайындалды», - деди Нурлан Утемисов.

Башкы прокуратуранын ыкчам издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү көзөөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчиси Замир Бейшекеев Калыков менен Мамажакыпов унаадан уруша кетишкендигин айтты. Калыков кулап бара жатып кокусунан прокурорду башка атып алган. Андан кийин тамеки тартып, кокусунан курткасын өрттөп алган. Курткасын прокурор таштап салган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 17-ноябрда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси Төрт-Гүл суу сактагычы тараптан табылганы маалымдалган. Кийин бул кылмышка шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×