Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Дүйнө 29.11.2018 09:41 На русском

Грузиядагы президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңишке ээ болду

Turmush -  Грузияда кечээ, 28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун 2-турунда көз карандысыз талапкер Саломе Зурабишвили 59,56% добушка ээ болду. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Маалыматка караганда, мындай жыйынтык шайлоочулардын 99,7% добуштары саналгандан кийин белгилүү болду. Оппозициялык талапкер Григол Вашадзе 40,44% добушка ээ болду. Оппозиция өзүнүн пландары жөнүндө бүгүн маалымат берсе, Зурабишвилинин талапкерлери жеңишти майрамдай баштады.

Зурабишвилини 1,14 миллиондон ашык адам, Вашадзени 778 миң адам колдоду. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 56,23% түзөт. Бул санга чет өлкөдөгү шайлоочулар кирбейт. Жаңы шайланган прездент 6 жыл бийликте болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×