Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 16:06 На русском

Бишкекте жаш жана тажрыйбалуу алдамчы кармалды (шектүүнүн сүрөтү)

Turmush -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген эркек киши кармалганын ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди. Учурда шектүү убактылуу тергөө абагында.

2018-жылдын октябрь айында Свердлов РИИБге кайрылган жабырлануучу борбордогу фирмалардын биринин директору анын уулун Кытайдагы жогорку окуу жайга өткөрүү убадасы менен 238 миң сом алганын билдирген. Ал акчаны алгандан кийин дайынсыз болуп кеткен.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчы) менен кылмыш иши козголуп, көп узабай шектүү — 1993-жылы туулган Т.Д. кармалган. Учурда анын үстүнөн Свердлов РИИБге алдамчылыкка байланыштуу 8 арыз түшкөнү белгилүү болду. Тергөө иштери улантылып жатат.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо Свердлов РИИБ менен (0709) 17-10-10, (0555) 10-26-95 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×