Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 15:17 На русском

Бишкекте оор кылмышка шектүү киши кармалды (сүрөт)

Turmush -  Бишкектеги Свердлов РИИБдин кызматкерлери өзгөчө оор кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы 16-ноябрда Свердлов РИИБге күч колдонулуп көз жумган эркек кишинин денеси табылганы тууралуу билдирүү болгон. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ дененин өздүгүн аныктап, жаңы конуштардын биринин 1976-жылы туулган жашоочусу С.Т. экени такталган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында 23-ноябрда 1986-жылы туулган Ж.Н. шектүү катары кармалган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, 15-ноябрда турак үйдө маркум менен шектүү бирге спирт ичимдиктерин ичишкен. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, акыры үй ээсин бөтөлкөлөшү сабап өлтүргөн. Оор жаракат алган адам ошол жерде көз жумган.

Шектүү 2 айга камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.


Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×