Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 12:55

Бурулайдын өлүмү: Бурулайды жалгыз ала качкам, унаа меники эмес болчу, - шектүү

Turmush -  Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Жайыл РИИБдин имаратында өлтүрүлгөн Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум улантылды.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Бурулайдын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев суракка алынды. Ал Бурулай өлтүрүлгөн Жайыл РИИБдин имаратында эмне болгонун айтып берди.

Анын айтымында, эмне болгону анын эсинде жок. Бирок ал Бурулайды өлтүргөнүн четке кагууда.

«27-майга чейин Бурулай менен сүйлөшкөндө ал телефонун апасы алганын жана аны үйдөн чыгарбай жатканын айткан. Ишембиде ал мончого бара турганын айткан, бирок ишембиде чыккан жок. Жекшемби күнү чыкканда мен аны унаага салдым. Күтүүсүздөн болгон үчүнбү ал кыйкырып жиберди. Мен жалгыз болчумун. Жолдон МАИ кызматкерлери токтотушту. Кайда баратканымды сурашты, мен Таласка экенин айттым. Унааны карап, кызды көрүштү. Ал менин сүйлөшкөн кызым экенин айттым. Унаага отургузуп, постко алып келишти. МАИнин кызматкери бирөөгө чалды. Жанымда телефон жана документтерим бар болчу», - деди ал.

Ошондой эле айыпталуучу: «РИИБге алып келишти. Бир бөлмөгө киргизели деп жатышкан. Бирок андан кийин эшикке чыгарышты. Бурулай бөлмөдө болчу, мага аны менен сүйлөшүүгө уруксат беришкен жок. Эшик ачык болчу, мен барып, бирок бөлмөгө кирген жокмун. Мен ага азыр анын ата-энеси келерин жана аларга экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүздү айтуусун өтүндүм. Бирөө ары-бери өтүп, сөгүнүп жаткан. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин.

Мен ага бычак сайган эмесмин. Менде бычак жок болчу, унаада дагы жок эле. Ал менин унаам эмес болчу. Мен өзүмө дагы бычак сайган эмесмин. Бурулайга дагы», - деп улантты.

Марс Бөдөшевдин айтымында, ала качуу учурунда ал жалгыз болгон.

«Кийин №47 абакка жактоочу келип, окуя кандай болсо, ошондой айтып берүүмдү өтүндү, мен макул болдум», - деп кошумчалады ал.

Буга чейин милиция маалымдагандай, 19 жаштагы Бурулай ушул жылдын 27-майында ала качып бара жаткан жигит тарабынан Жайыл райондук милициянын имаратында бычакталып, өлтүрүлгөн. Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу каза болгон. Андан кийин кызды бычактаган адам өзүнө да кол салып, ооруканага жеткирилген. Кийин абакка которулган болчу.

Шектүү делген Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголгон.

Шектүү Марс Бөдөшев

1483229.1.1543382947

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×