Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 11:54

Бурулайдын өлүмү: М.Бөдөшев аны менен 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн айтты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Жайыл РИИБдин имаратында өлтүрүлгөн Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум улантылды.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Бурулайдын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев суракка алынды. Анда ал Бурулайдын үй-бүлөсүн билгендигин жана маркум кыз менен 3 жыл сүйлөшкөнүн билдирди.

«Мен ага шакек, гүл белек кылып, экөөбүз чогуу кафеге барчубуз. 4-майда Бурулай менен жолуккам, анда ал мага апасы биздин сүйлөшүүбүзгө каршы экендигин айткан. Ал мени Марс байке дечү. Мен анын ата-энеси менен сүйлөшөйүн десем, ал макул болгон жок. Мен: «Сени Таласка ала качып кетейинби?» десем, ал макул болгон. Жолдон ал апасы менен сүйлөшүп, өз каалоосу менен бара жатканын айткан, бирок апасы аны урушса, ал эми атасы эч нерсе деген эмес», - деди айыпталуучу.

Ал ошондон кийин Бурулайды кайра артка алып келүүнү чечкенин кошумчалады.

Буга чейин милиция маалымдагандай, Бурулай Турдаалы кызы ушул жылдын 27-майында ала качып бара жаткан жигит тарабынан Жайыл райондук милициянын имаратында бычакталып, өлтүрүлгөн. Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу каза болгон. Андан кийин кызды бычактаган адам өзүнө да кол салып, ооруканага жеткирилген.

Шектүү делген Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×