Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 11:11 На русском

Кытайдагы кыргыз студенттер кара жорго бийлеп, Кыргызстанды даңазалашты (сүрөт)

Turmush -  Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Түштүк Кытай технологиялык университетинде чет өлкөлүк студенттер арасында «Улуттар маданияты» фестивалы өткөрүлдү. Анда кыргыз студенттери кыргыздын маданиятын көрсөтүү менен алдыңкы орунга ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кытайда жеке ишкерлик менен алектенген Токтобек Акматов билдирди.

«Аталган университетте окуган жердешибиз Жусуп Маматжановдун айтымында, фестивалга болжол менен 27 өлкөдөн келип окуган 500дөй студент катышты. Учурда бул университетте жалпысынан 1300дөн ашуун чет өлкөлүк студент билим алат экен. Фестивалда үч сынак болду. Биринчиси, «Эӊ мыкты аткаруу», экинчиси «Эӊ кооз стенд жана үчүнчүсү «Улуттук кийимдер көргөзмөсү» аттуу сынактар болду. Биздин студенттер биринчи сынакта биринчи орунду алышты жана калган этаптарда да байгелүү орундарды ээлешти.

Биздин студенттер кара жорго бийин мыкты аткарып беришти жана стенддин жасалгасы жакшы болду. Ал жерде англис жана кытай тилдеринде Кыргызстан, Манас, Курманжан датка, Чыңгыз Айтматов жана башка жөнүндө көптөгөн маалыматтар болду. Кыргыз элинин улуттук аспаптары жана буюмдары да коюлуптур. Ошондой эле меймандарды боорсок, бешбармак менен сыйлап жатышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×