Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 10:37 На русском

Зордуктоого аракет кылган: Ыйлап жатканда башкалар көрүп, унаадан чыгарган кыз таксисттин үстүнөн арыз жазды

Turmush -  Бишкекте К.П. аттуу кыз «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада өзүн зордуктоого аракет кылган таксисттин үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иш козголду. Кармалган таксист камакка алынган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин социалдык тармакта «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада хиджаб кийген кызды зордуктоо үчүн болгон аракет токтотулганы жөнүндө тасма тараган. Тасмада кыздын бети көрүнбөйт. Унаадагы адам аны тасмага тартпоону суранган.

АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден бул факты боюнча иликтөө башталгандыгын билдиришкен болчу. Кийин кылмышка шектелген айдоочу кармалган. Ал 1969-жылы туулган Б.Ч. экени такталган.

«Социалдык тармактарда жаш кыз "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаадан чыгууга аракет кылганы, бирок аны таксист кармаганы тууралуу видео тараган. ШИИБдин кызматкерлери 27-ноябрь күнү аталган таксистти кармашты. Учурда ал териштирүү иштери үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», - деп айтылган ШИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×